Сооронбай Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган  куттуктоодо, эки өлкөнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдиргени жазылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. 

Президент Сооронбай Жээнбеков, 6-октябрда видео кайрылуу жасап,  өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти күч менен басып алуу катары баалаган. 

7-октябрь күнү  Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингге  президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо талабы көтөрүлдү.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>