Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти менен чек ара маселесин талкуулады

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти менен чек ара маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-октябрда Ашхабадда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан сырткары эки өлкөнүн кызматташуусунун азыркы абалы жана аны өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, анын жарымына жакыны же 470 чакырымы тактала элек.

16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Чырдын кесепетинен Тажикстандын үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>