Сооронбай Жээнбеков Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты — фото

Сооронбай Жээнбеков Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты — фото

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда Токиодо Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. 

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү. Анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду. Ошондой эле императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Бул иш чара  Жапониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>