Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, саат 09.00дө Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда аткарды.

«Шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш берчү күн да келди. Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп белгиледи президент.

Мамлекеттик телерадиоканалдарда партиялардын дебаттары кеңири берилип турганын, саясий көз карашын, программасын, сын пикирин айтуу боюнча эч кандай чектөө болбогонун, ошонун жыйынтыгында, үгүт өнөктүгү курч атаандаштык менен өткөнүн  өзгөчө белгиледи.

Президент ошондой эле шайлоо өнөктүгүн тең салмактуу, объективдүү, ар тараптуу чагылдыргандыгы үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирди.

«Силердин ишиңер аркылуу биздин өлкөдө чыныгы сөз эркиндиги бар экендигин баары тең көрө алды. Мен Президент катары ушул шайлоолордун ачык, адилеттүү өтүшү үчүн мыйзам алкагындагы бардык милдеттеримди аткардым», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга дагы бир жолу кайрылып, бүгүн өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры чечилбестигин белгиледи.

«Мен мекендештериме дагы бир ирет, буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. „Менин добушум эмнени чечет эле“ деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Биздин шайлообузга өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз  деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо — мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем», — деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>