Сот депутат Асель Кодуранованы үй камагына алды

Сот депутат Асель Кодуранованы үй камагына алды

Кечээ, 9-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына алынды. Мындай Биринчи Май райондук сотунун судьясы кабыл алды.

Кодуранова үй камагына алынганын өзү да тастыктап, мындан дагы башкача чечим чыгып калышы мүмкүн эле дегеп пикирин айтты.

«Менин жактоочумдун суранычы менен үй камагына чыгарылдым. Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан менин милдеттерим бар» — деди ал.

Сот Асель Кодуранованы өлкөдөн чыкпоого кол койдуруп жана бир катар чектөөлөргө милдеттендирген.

Башкы прокуратура Асель Кодурановага Кой-Таш окуясы боюнча шектүү деген маалымдама берип, анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>