Сот Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Сот Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Административдик сот Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-майда Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечимин Бишкек шаарынын Административдик соту бүгүн, 19-майда күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Токмок шаардык кеңешине 5 партия өткөн.

Алар:

— «Ата-Журт Кыргызстан» – 4.06%;

— «Бирге» – 18.49%;

— «Республика» – 11.92%;

— «Эмгек» – 47.62%;

— «Эл биримдиги» — 14.13%.

Арыздар каралып чыккандан кийин БШКнын жумушчу тобу 7 шайлоо тилкесиндеги, атап айтканда №7068, №7069, №7070, №7071, №7072, №7070, №7075, №7081 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзам боюнча эгер добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбаса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет. Ал аталган 7 шайлоо тилкесиндеги добуштар жалпы добуштун 33%ын түзө турганын, ушуга байланыштуу БШКнын мүчөлөрүнүн добушу менен Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын белгилеген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>