Стационарларда иштеп жатып каза болгон студент «Эрдик» медалы менен сыйланды

Стационарларда иштеп жатып каза болгон студент «Эрдик» медалы менен сыйланды

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары эмгектенип жатып каза болгон Адинай Мурзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

“И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды”, – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>