EFC 38 турнирине билеттерди онлайн сатуу башталды

EFC 38 турнирине билеттерди онлайн сатуу башталды

Бүгүн, 10-июлда, аралаш мушташ боюнча EFC 38 лигасынын турнирине билеттерди онлайн сатуу башталды. Мелдеш 3-августта Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облусу) ат майданында өтөт.

EFC 38 мелдешинин ардактуу коногу UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов болот.

Билеттерди kassir.kg сайтынан сатып алсаңыз болот. Баасы — 500 сомдон 4000 сомго чейин. Так баасы трибунадагы орундун жайгашкан жерине жараша болот. Сатып алууну VISA, MasterCard, ЭЛСОМ же MBank Online карталары аркылуу жүргүзсө болот. Ар бир сатылып алынган билет жеке адамга таандык. Аны башка адамга өткөрүп берүү, кайтарымсыз жокко чыгарууга алып келет.

Жылдын негизги спорттук мелдеши «Акчабар Медиа» компаниясынын колдоосу менен өтөт. Турнир бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык өткөрүлөт. Кошумча маалымат алуу үчүн kassir.kg сайтынын билет операторлорунан билүүгө болот.

Телефондор: (0704) 144155, (0995) 144155

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>