Сулайманов, Акаевди колдоп саясатчылар да келип жатат

Сулайманов, Акаевди колдоп саясатчылар да келип жатат

Ушул тапта Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында суракка кирип кеткен саясатчыларды колдоп Жогорку Кеңештин депутаттары  Мирлан Жээнчороев, Абдувахап Нурбаев, саясатчы Элдар Абакиров,  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Узарбек Жылкыбаев менен Кайрат Маматов келишкен.

Мирлан Жээнчороев суракка кирип кеткен саясатчыларды күбө катары суралып жатканын билдирди. Ошондой эле бардык аракеттер мыйзам чегинде өтөөрүнө ишеним артып турганын кошумчалады.

Reporter.kg нин кабарчысынын айтымында, 30га чукул тарапташтары 20га чукул журналист күтүп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев милицияга сурак берүүгө кирип кеткен. Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абраимов да сурак берип жатат. Ошондой эле интернетке тараган видеодо Алмаз Сариев атту жарандын да суралып жатканы боюнча маалыматтар тараган.  Видеодо бийликти басып алуу боюнча сөз болгон.

Буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>