Сутка ичинде өлкө боюнча 44 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө боюнча 44 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында бир суткада 44 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 55 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.

  • Бишкек шаарында – 7;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 17;
  • Талас облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 7;
  • Ысык-Көл облусунда  – 5;
  • Ош облусунда – 3 өрт кырсыгы катталган.

Катталган өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн ачык жайлардагы куураган чөптөрдүн күйгөнү түзсө, эң ири өрт кырсыгы Бишкек шаарынын Дордой базарында катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>