Суваналиев: Көк-Ташта аскерлер атышып жатат

Суваналиев: Көк-Ташта аскерлер атышып жатат

Баткендин Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мобилизация менен алектенип жатышат, тез жардам кызматын жөнөтүп, ооруканаларды даярдоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон.

Буга чейин Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгени маалым болгон.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнча тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>