Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы  Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий  байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүшкөн.

Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр чатактардын алдын алуу менен, орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышкан.

“Ушул тапта Баткен облусу менен Согди жана Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш чаралар планы талкууланууда. Алдыда, аталган иш пландарды бекитүү менен, тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө”, — деп кабарлашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>