Сузакта өз алдынча көмүр казган шахтадан өрт чыкты

Сузакта өз алдынча көмүр казган шахтадан өрт чыкты

Сузак районунда жарандар өз алдынча көмүр казган шахтадан өрт чыгуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү саат 10:35 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Маркай айылында көмүр казган шахтадан (забой) түтүн чыккан.

“Тоо-кен куткаруу кызматынын №5-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жана №54-өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып түтүн чыккан шахтага тосмо орнотуп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>