Сузакта кой уурдагандар кармалды

Сузакта кой уурдагандар кармалды

Сузакта кой уурулар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну мал ууруларды таап берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Арыз ээлери 12-19-январь күндөрү короодогу 4 гиссар койду белгисиз адамдар уурдап кеткенин, муну менен аларга 255 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгенин айткан.

Бул окуя боюнча иш ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталган. Анын алкагында  шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. 1995-жылы туулган Э.К. жана 1992-жылы туулган А.Ү. аттуу адамдар кармалган.  Алар кылмышты моюнуна алып, койлорду Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаа менен уурдап кетишкенин айтып беришкен.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>