Сузакта жол кырсыгы 1 адамдын өмүрүн алды

Сузакта жол кырсыгы 1 адамдын өмүрүн алды

Жалал облусунун Сузак районунда жол кырсыгынан 1 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,жол кырсыгы кечээ, 23-февралда Сузак районунун Таш-Булак айылында болгон. Анда “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган киши каза болуп, 1967-жылы туулган аял жаракат алган.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барганча чейин жабыркаган аялды “Тез жардам” кызматы алып кеткен.  Алар маркумдун денесин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>