Сузактагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды

Сузактагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 82 жаштагы аялдын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январь күнү саат 10:55те куткаруучулар Көк-Жаңгак шаарынын Рыскулов көчөсүндө жайгашкан үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Үйдөн 1938-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан.

Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>