Свердлов райондук милициясынын пара талап кылган тергөөчүсү кармалды

Свердлов райондук милициясынын пара талап кылган тергөөчүсү кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсүн пара менен карамашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, тергөөчүнүн үстүнөн Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында тергөөчү сотко чейинки өндүрүшкө алынган ишти оң жакка чечип бермекчи болуп андан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары “Пара талап кылуу” боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ички иштер министрлиги коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантып келет.

Эгер жарандар милициянын опузалап пара талап кылуусуна кабылса анда 0704-999-918, 0999-917-397 ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонуна чалууга тийиш.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков


Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>