Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзү тастыктаганын жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-апрелде ал Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан өз каалоосу менен кетүү жөнүндө арыз жазган.

«Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Мен өзүм ден соолугума байланыштуу прокуратурадан кеттим, тагыраак айтканда, ден-соолугума көбүрөөк убакыт бөлөм», — деди Жапыкеев.

Ал оппозицияга барууну көздөбөйт, анткени ал саясатчы эмес экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалган, 2021-жылы 5-мартта өкмөт начар иштегендигине байланыштуу Финполду жоюу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда Жапыкеевге Каржы полициясынын генерал-майору чини берилген. 30-мартта Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>