Экс-депутаттын уулу, Шадиевдин өкүл баласы — Улукбек Марипов жөнүндө фактылар

Экс-депутаттын уулу, Шадиевдин өкүл баласы — Улукбек Марипов жөнүндө фактылар

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат. Талапкерди «Республика — Ата Журт» фракциясы көрсөткөн.

Reporter.kg өкмөт башчылык кызмат ордуна талапкер жөнүндө фактыларды топтоду:

Марипов Улукбек Асамидинович 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. Ал кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Ош технологиялык университетин жана Ош мамлекеттик университетин финансы-насыя жана юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

  • Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун уулу. Ал эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
  • 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин — Курманбек Бакиевдин президенттик аппараттын уюштуруу-көзөмөлдөө кызматынын инспектору болгон.
  • Улукбек Марипов президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы жана мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп, ушул кызматта Икрамжан Илмияновдун ордуна келген.
  • 2016-жылдын март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.
  • Ал посттон 26,5 миң сом алгандыгын билдирген. Бул суммага стажы үчүн жөлөк пул кошулат.
  • Анын мамлекеттик кызматта иштегенине 20 жылдай болду.
  • Ал АКШга качып кеткен мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>