Түндүк Кореяда коронавирус жуккан алгачкы учур катталды

Түндүк Кореяда коронавирус жуккан алгачкы учур катталды

Мамлекеттик KCNA агенттиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «Өлкөгө ырайымсыз вирус келди» деп айтканын жазды.

Ага ылайык, бийлик өпкөнү сезгенткен ооруну мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга качып кетип, кайра өткөн аптада мекенине кайткан жаран алып келди деп шектенип жатат. Ким Чен Ын буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, чек арадагы Кэсон шаары карантинге алынганы маалымдалды.

KCNA Ким Чен Ын ал жаран катуу кайтарылган чек арадан кантип өтүп келгенин текшерүүнү, буга жол бергендерди жоопко тартууну тапшырганын да кабарлады.

Буга чейин дүйнө жүзүндөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түндүк Корея коронавирус жуккан бир дагы учур каттала электигин билдирип келген. Бир катар эксперттер оору мурда эле катталганын, бийлик жашырып жатканын айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>