Түндүк жана Түштүк Кореянын футболчулары Пхенянда 29 жылдан кийин беттешти. Стадионго эч ким киргизилген жок (фото, видео)

Түндүк жана Түштүк Кореянын футболчулары Пхенянда 29 жылдан кийин беттешти. Стадионго эч ким киргизилген жок (фото, видео)

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футболчулары 1990-жылдан бери алгачкы жолу Пхеньянда беттешти. Оюнду FIFA президенти Жанни Инфантино жана Швециянын Түндүк Кореядагы элчиси Йоахим Бергстрем гана көрдү деп жазууда дүйнөлүк басылмалар.

Беттешке саналуу күн калганда Түндүк Корея түштүктөгү коңшу өлкөнүн күйөрмандарына жана журналисттерине виза берүүдөн баш тарткан. Болгону футболчулар менен тренер гана өлкөгө кире алган. Ал тургай Түндүк Корея мамлекети өз күйөрмандарын да стадионго киргизген эмес.

50 миңге жакын адам бата турган стадионго саналуу гана адам кирип, 0:0 менен аяктаган эки өлкөнүн оюнуна күбө болушкан. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өткөн.

Беттеш эч бир маалымат каражатынан көрсөтүлгөн эмес. Стадиондун аймагында интернет да өчүрүлгөн.  Түштүк корей футбол федерациясы оюун тууралуу маалыматты Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү жиберген смс билдирүүдөн алып турган.

Ал эми оюн талаасындагы айрым учурларды Швециянын элчиси Йоахим Бергстрем  видеого жана сүрөткө тартып алып, твиттердеги баракчасына жүктөгөн.

Таң калбаңыз, Швеция Түндүк Корея менен мамиле түзгөн Европадагы жападан жалгыз өлкө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>