Түндөгү митинг учурунда белгисиз адамдар терминалды уурдап кетишти

Түндөгү митинг учурунда белгисиз адамдар терминалды уурдап кетишти

6-октябрга караган түнү «Ала-Тоо» аянтындагы митинг учурунда белгисиз адамдар Орозбекова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган терминалды уурдап кетишти.

Бул тууралуу окуяга күбө болгон Reporter.kg басылмасынын кабарчысы билдирип, окуяны видеого тарканга жетишпей калганын айтты.

“Таңкы саат алтыга жакын кара түстөгү номери жок эки унаа келип терминалды чагып унааларына салып Киев көчөсү менен чыгышты көздөй кетишкен. Окуя болгон жердеги башка адамдар алардын унаасын токтотуп калууга жетишпей калышты”, – деди кабарчыбыз.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардин лидерлери жана тарапташтары 5-октябрда митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Жогорку Кеңештин жана  УКМКнын имаратын басып алышты.

Митинг  учурунда башынан оор жараат алган бир адам каза болуп. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жаткан. Алардын ичинен 13 киши оор абалда реанимацияда жатканы айтылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>