Түнкү митингде 1 адам каза болуп, 13 адам реанимацияга түштү

Түнкү митингде 1 адам каза болуп, 13 адам реанимацияга түштү

Ала-Тоо аянтындагы митингден  бир адам каза болуп, 590 киши жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигининен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы 590 киши ар түрдүү жаракат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилген. Ал эми 150 киши ар түрдүү жаракат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.

Жарадар болгондор Бишкеке травматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпиталь, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>