Түптө Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Түптө Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 28-августта Түп районунун Кең-Суу айылында Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Репортер агенттигине өздүк булактар кабаралагандай, маркум менен коштошууга  анын туугандары жана айылдаштары чогулду. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Чолпон Жакупова, Бактыбек Калмаматов ж.б. бир катар белгилүү адамдар келген.

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>