Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө.

Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери шайлоо коопсуздугу тууралуу тренингден өтүштү.

Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнөн, Түрк кеңешинен жана башка эл аралык уюмдардан 25 байкоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Мындан тышкары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары катталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>