Түркиядан 330 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Түркиядан 330 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Бүгүн 15, июлда Кыргызстандын 330 жараны “Стамбул-Бишкек-Стамбул» багытындагы чартердик каттам менен өлкөгө кайтып келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, келгендердин арасында жаш балдар дагы бар.

Пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн келе албай калган 20 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>