Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстандагы алгачкы мектебин ачат

Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстандагы алгачкы мектебин ачат

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту.

Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча кол коюлган макулдашуусунун негизинде жүргүзүп келет.

Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда. Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу.

Тараптар мындай мектептин ачылышы билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>