Кыргызстанда пландаштырылган иш-чаралардын календары кореялыктарга таркатылды

Кыргызстанда пландаштырылган иш-чаралардын календары кореялыктарга таркатылды

Түштүк Кореянын Ансан шаарында Кыргызстандын презентациясы өттү. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Ансан шаарынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү форумуна катышкан. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанга инвестицияларды тартууда региондордун мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстанда болуп жаткан маданий иш-чаралар жөнүндө презентация жасаган.

Элчи өз презентациясында дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, билим берүү фестивалы, Нооруз, Tengri Muzic Fest, өрүк жана карагат фестивалы, улуттук жана спорттук мелдештер сыяктуу эң масштабдуу коомдук иш-чараларды белгилеген.

Презентациянын алкагында катышуучуларга түштүк кореялык туристтерди тартуу максатында 2021-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чаралардын календары таркатылган.

Ансан шаарынын мэри Юн Хва Суб менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын элчиси Токмок шаары менен Ансан шаарынын ортосунда мамилелерди түзүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана аймактарды жана шаарларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерине токтолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>