Site icon Reporter.kg

Түп райондук сотунун судьясы иштен алынды

Туп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевдин  ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун анын маалыматтык саясат бөлүмүнөн  кабарлашты.

Анда айтылгандай, Айбек Абдивалиев ден соолугуна байланыштуу медициналык комиссиянын корутундусу менен судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз деп табылган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Exit mobile version