Site icon Reporter.kg

Таалуу жерге тээп, мылтык менен уруп. Кыргызстандыктар Тажикстанда кандайча кыйналышканы айтылды

пытки

Тажикстандын аскерлери тарабынан барымтага алынган кыргызстандыктар кандай кыйноолорго кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуя учурунда барымтага алынган кыргызстандыктарга карата Стамбул протоколун(кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) толтуруу процедурасын башталган.

Эксперт катары чакырылган Жалал-Абаддагы «Акыйкаттык» укук коргоочу уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаеванын айтымында, кыргыз жарандарын Тажикстандын аскерлери уурдап кетип, аларды сабап кыйнаган. Барымтадагыларды Тажикстандын Гафуров районундагы милиция бөлүмүндө ур-токмокко алышып, таалуу жерлерине тебип, мылтыктын арты менен койгулап сабашкан.

«Аларды эки сутка бою кыйноого алышкан. Кийин тажик тилинде алдын ала дайындалган документке кол койдурушкан. Барымтадагылардын бири тажик тилин билген жана кагазда алар чек ара эрежесин бузгандыгы жөнүндө жазылганын айтты. Бирок чындыгында жарандарды Тажикстандын аймагына аскерлери алып кетишкен», — деген Абдуллаев.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында барымтага алынгандардын бешөө кыргыз, бешөө өзбек улутундагы адамдар болгон.

«Айылдыктардын абалы жакшы эмес. Ачылып сүйлөбөй жатышат. Дагы деле коркуп жатканы сезилип турат. Бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби алардын жеке каалоосу болмоюнча биз Стамбул протоколун толтурууга адистерди чакырта албайбыз», — деген Бакыт Рысбеков.

Ал кошумчалагандай, Стамбул протоколу толтурулгандан кийин документтерди БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча комитетине өткөрүлүп берилет.

Exit mobile version