Тааныгандар барбы? Милиция бир жыл мурда табылган сөөктүн өздүгүн аныктоого жардам сурайт

Тааныгандар барбы? Милиция бир жыл мурда табылган сөөктүн өздүгүн аныктоого жардам сурайт

2020-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинен 30-35 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди

Белгилери: бою 160-165 саниметр, арык денелүү, чачы далыга чейин кара түстө.

Кийген кийими: кара куртка, кызгылт футболка, кочкул көк түстөгү спорттук шым, бутунда боз түстөгү Reebok кроссовкасы болгон.

Милиция: «Урматтуу жарандар, табылган сөөктүн өздүгүн аныктоого жардам берүүнү суранабыз. Сүрөттөгү аял тууралуу маалыматы барлар: 0 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15 телефон номурлары аркылуу кабарлашып коюңуздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>