Табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча 90 пайыз элдин маалыматы бар

Табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча 90 пайыз элдин маалыматы бар

Көп кабаттуу турак жайлардын ээлери камсыздандырууга макул болбой жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева билдирди.

Табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча 90 пайыз элдин маалыматы бар.

«Биздин маалымат боюнча Кыргызстанда 1 миллион 174 миңден ашык турак жай бар. Камсыздандыруу учурунда бир топ көйгөйлөр чыгып жатат. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 80 пайыз турак жайдын тиешелүү документи жок экен. Эки жылдан бери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, камсыздандыруу боюнча маалымат берип жатабыз. Ошентсек да көп кабаттуу турак жайлардын ээлери камсыздандырууга макул болбой жатышат» — дейт Эгембердиева.

Жыйында «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>