Тайван: Көп кабатту үйдүн өртүнөн 25 киши каза тапты

Тайван: Көп кабатту үйдүн өртүнөн 25 киши каза тапты

Тайвандын Гаосюн шаарындагы 13 кабаттуу үй өрттөнүп, 25 киши каза таап, 11 кишинин сөөгү өрт маалында өлүкканага жеткирилген. 55 киши оор жаракат менен  бейткапканага жеткен, анын 14ү жан берген.  Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, өрт эл кызуу уктап жаткан маалда чыккан. Учурда өрт эмнеден келип чыкканы тактала элек. Бирок, адистер кийим-кечек сакталган жайдан жалын чыкканын байкашкан. Турак-жайдын курулганына 40 жыл болуп калган. Биринчи кабаты дүкөн болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>