Таксилерде жүргүнчүлөргө өбүшүүгө тыюу салынды

Таксилерде жүргүнчүлөргө өбүшүүгө тыюу салынды

Душанбедеги такси айдоочуларынын он пайызга жакыны унааларына жүргүнчүлөргө тамеки чегүүгө, ичимдик ичүүгө, катуу музыка коюуга жана сезимдерин ачык көрсөтүүгө болбой тургандыгы жазылган эскертүү баракчаларын чапташты.

«Мен мындай кагаздарды биринчилерден болуп чаптадым. Бир жолу унаама отурган жашы өтүп калган киши менен 15-16 жаштагы кыз кучакташып, өбүшө баштаган. Мен аларга эки жолу эскертүү бердим. Бирок алар укпай койгондон кийин түшүрүп салгам. Жүргүнчүлөр өбүшүп, арткы орундукка жатып алган учурлары да болгон», — деп билдирди эки жылдан бери такси айдаган Мухаммад аттуу жаран.

Бир нече жыл мурда Искусство институтунун ректору Аслиддин Низамов өлкөдө адеп-ахлак полициясын түзүү зарылдыгы жаралганын билдирген. Ректордун айтымында, полиция коомдук жайларда маданияттын сакталышын көзөмөлдөшү керек.

Тажикстан светтик өлкө, бирок калкынын 98 пайызы ислам динин тутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>