Талант Мамытов “Бөрү” отрядына каржылык жардам көрсөттү

Талант Мамытов “Бөрү” отрядына каржылык жардам көрсөттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар Исфана шаарындагы Лейлек райондук ооруканасында болушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда Талант Мамытов баштаган депутаттар Исфана шаарындагы Лейлек райондук ооруканасында болушту.

Алар кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагында ар түрдүү даражада жаракат алышкан жарандарды барып көрүшкөнү. Депутаттар алардын акыбалдарын, дарылоо кандай жүрүп жатканын сурап, батыраак айгып кеткиле деген каалоолорун айтышкан. Медициналык мекемеге ооруларды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер берилген.

Ошондой эле “Бөрү” атайын милдет аткаруучу отрядынын аскер кызматкерлери менен да жолугушуу болгон. Талант Мамытов көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн аларга ыраазычылык билдирип, каржылык жардам көрсөткөн.

Маалыматка таянсак, эл өкүлдөрү чек ара чыр-чатагында жабыркаган бир катар жарандардын үйлөрүн өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен оңдоп берүү чечимин кабыл алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>