Талас: “Түндүкэлектрдин” бир катар жетекчилери кармалды

Талас: “Түндүкэлектрдин” бир катар жетекчилери кармалды

Талас областтык прокуратура органдары тарабынан “Түндүкэлектр” тармагынын Талас филиалына караштуу Манас РЭТнин айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталган. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүдө, жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн Манас РЭТине түшкөн накталай төлөмдөрдү «XENON» жана «IBS» базаларына кириштебестен, өздөрүнө ыйгарып, алардын төлөмдөрүн бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган.

Натыйжада, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 2 млн 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иштери козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын Манас РЭТнин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>