Таласта бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасы аяктады

Таласта бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасы аяктады

Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде кечээ башталган  бир суткалык «Манас» айтуу иш-чарасы бүгүн, 5-декабрь саат 11:00дө аяктады.

«Манас күнүнө» карата маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышып манас айтышты.

Анын ачылыш аземине вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Таластагы өкмөттүн  өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышкан.

Иш чаранын жүрүшү КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз көрсөтүлүп жатты.

Белгилей кестек, 4-декабрь Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. Анткени 2013-жылдын бул датасында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>