Таласта төө буурчактын баасын Жапыкеев жөнгө салды

Таласта төө буурчактын баасын Жапыкеев жөнгө салды

Талас облусунда төө буурчактын баасы жөнгө салынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин жетекчилиги астында өткөн кеңешмелердин биринде Талас облусундагы төө буурчактын түшүмүн сатуу боюнча ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн.  Анда төө буурчакты сатуу баасы кыйла жогору болгон учурда, дыйкандардан арзан баада сатып алып жатышкан ортомчу алып сатарларды жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлган. Себеби дыйкандар ортомчулардан улам чыгымга учурап, сарпталган акчалары акталбай калып жаткан.

Финполициянын демилгеси менен Таласта акимчиликтердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана Салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссия түзүлгөн Анда салык органында тийиштүү каттоосу жок жана төмөндөтүлгөн баада төө буурчак сатып алууда ишкердик менен алектенген адамдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлгөн. 

Анын жыйынтыгында Таласта салык органдарында каттоосу жок,  төө буурчакты өтө арзан баада сатып алуу боюнча бир нече фактылар аныкталган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошондой эле, Финполициянын өкүлдөрү кирген комиссия алдын алуучу рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, анда баалардын төмөндөшүнө жол бербөө үчүн сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Муну менен катар, Финполиция көрсөткөн демилгенин аркасында Таласта төө буурчак өндүрүүчүлөрүнөн сатып алуу баасы акырындык менен жогорулап, оң натыйжаларга жетишилген.

“Ушул жылдын октябрь айында “лоапатки” сортундагы төө буурчактын баасы 67-70 сом болсо, ноябрь айында 86-88 сомду түздү. “Чаар ала, бышуучу” сорттогу түстүү төө буурчак ушул жылдын октябрь айында 80-85 сом болсо, азыр 96-100 сомду түздү”, — деп айтылат Финансы полициясынын маалыматында. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>