Таласта Жерүй алтын кени ишке киргизилди — ФОТО

Таласта Жерүй алтын кени ишке киргизилди — ФОТО

17-мартта Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан.

Кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөрү белгиленди.

“Иш башталгандан тартып, долбоорго тартылган кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 1000 адамды түзөт. Бул кызматкерлердин дээрлик бардыгы Кыргызстандын жарандары жана жергиликтүү тургундар”, — деп айтылат маалыматта.

Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргызстадын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Мындан сырткары, Садыр Жапаровго үч этап боюнча жалпы белгиленген убакыт ичинде долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөрү маалымдалган.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан  бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна бөлүнгөн сумма —  923 миллион сомду түзгөн. Ал аркылуу  Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турат. Алар үчүн 600 млн сом которулган.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын, андыктан Жерүй долбоору экологиялык жактан таза экендигин Мамлекет башчысына маалымдашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>