«Талибан» кыймылы Ооганстанды башкара турган 12 кишиден турган кеңеш түзөт

«Талибан» кыймылы Ооганстанды башкара турган 12 кишиден турган кеңеш түзөт

«Талибан» кыймылы Ооганстанды башкара турган 12 кишиден турган кеңеш түзөт. Бул тууралуу Foreign Policy кабарлады.

Басылманын булактары билдиргендей, кеңешке «Талибан» кыймылынын саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар, аскер комиссиясынын башчысы, кыймылдын негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммед Якуб жана «Хаккани түйүнү» террордук тобунун мүчөсү Халиль Аль-Рахман Хаккани кирет. Басылма талибдер кеңешке белгилүү ооган талаа командири Ахмад-Шах Масуддун уулу Ахмад Масудду да кошууну каалашканын белгиледи. Учурда ал Панжшер провинциясында талибдерге каршы кыймылды баштап жүрөт.

Өз булактардын билдиришинче, «Талибан» Ооганстанда президенттик кызматты калыбына келтирүүнү пландаган жок. Ошол эле маалда айрым министрлик кызматтарды мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнө сунуштоого даяр. Муну менен талибдер эл аралык коомчулук кабыл ала турган администрация түзүүнү пландоодо.

«Талибанга» каршылык көрсөтүү кыймылын Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган. Буга чейин Ахмад Масуд жоолошуудан оолок болуу үчүн сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал «Талибан» өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири өкмөт түзүүгө чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>