Ташиев чуу жараткан сүрөткө жооп кайтарды

Ташиев чуу жараткан сүрөткө жооп кайтарды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте өткөн парадда гимн жаңырганда колун фуражкага коюп алган деп соцтармактарда талкууга жем таштаган. Ал эми  Камчыбек Ташиев колун жүрөккө койгонун, бардык нормалар сакталганын айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, «мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга ылайык, Мамлекеттик Гимн расмий түрдө аткарылган учурда, катышуучулардын баары оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат, муну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да аткарган.

Мамлекеттик гимнди ырдап жатканда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат, Камчыбек Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн ойнолгон учурда оң колун сол жагына койгон.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев негизсиз сынга кызыкдар адамдар, бул жагдайды түшүнүүгө жана тереңирээк изилдөөгө татыктуу, жана акылга сыйбаган сынга жол бербөөгө чакырганы айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>