Камчыбек Ташиев: Түнү менен жетип барам

Камчыбек Ташиев: Түнү менен жетип барам

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга учуп келатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

«Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, больницага жетпей кайттым, буюруса түнү менен жетип барам», ― деп жазган ал.

Буга чейин УКМК Камчыбек Ташиевдин бир күн мурун  чет өлкөгө дарылануу үчүн учуп кеткени тууралуу маалымат тараткан.

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>