Тажик тарап тактала элек аймакка баштаган курулушун бузат

Тажик тарап тактала элек аймакка баштаган курулушун бузат

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин штаттык режимге өтүү боюнча чечим кабыл алды. Жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузуп кетиши керек.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасында атышуу болуп, кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>