Тажик тектүү Manizha Орусиянын атынан «Евровидение» сынагына катышат

Тажик тектүү Manizha Орусиянын атынан «Евровидение» сынагына катышат

Быйыл май айында Нидерландыда өтө турган «Евровидение» сынагына Орусиянын атынан ырчы Manizha катышат. Ал Биринчи канал уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү аталган.

Сынакта Manizha «Russian woman» («Орус аялы») ырын ырдайт.

Былтыр конкурста Little Big тобу өнөр көрсөтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ыр сынак өтпөй калган. Быйыл Little Big сынакка катышуудан баш тарткан.

Топ инстаграм баракчасына: “Биз “Eurovision-2021” сынагына барбайбыз. Орусияда таланттуулар көп. Аларга да мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”, — деп жазды.

Manizha — Манижа Сангиндин чыгармачыл аты. Ал 1991-жылы Тажикстанда туулган. Бирок үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенген. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон.

Eurovision сынагынын уюштуруучулары пандемияга карабай иш-чара быйыл офлайн-форматта өтөрүн жарыялаган. Бирок ага көрүүчүлөр катышар-катышпасы белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>