Тажикстан төрөттүн санын азайтуу үчүн бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоодо

Тажикстан төрөттүн санын азайтуу үчүн бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоодо

Тажикстан төрөттүн санын азайтууну чечип, репродуктивдүү саламаттык боюнча мамлекеттик программаны ишке киргизген. Анын алкагында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелердин баарын бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоого тийиш.

Дарыгерлер бейтапканага келгендерге күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануунун жолдорун түшүндүрүп, жыныстык этика тууралуу айтып беришет.

Дүйнөлүк банктын адистери Тажикстандагы жакырчылыктын, жумушсуздуктун башкы себеби катары демографиялык көрсөткүчтөрдүн ыкчам жогорулашын атап келишет. Он жылда өлкөдөгү калктын саны 22% өскөн.

Тажикстандын репродуктивдүү саламаттык борборунун директору Мунира Ганизоданын айтымында, мамлекттик программанын максаты – калкка баланы төрөп гана койбой, тарбиялоо жана багуу зарылдыгын түшүндүрүү:

«Программаны иштеп чыгуунун алдында иликтөө жүргүзүп, көптөгөн көйгөйлөрдү аныктадык. Маселен, Тажикстандагы аялдардын 40% тез-тез төрөгөндүктөн, кош бойлуу кезде аз кандуулук менен жабыркайт. Ден соолугуна байланышуу баласын боюнан алдырууну чечкендер да көп. Бирок алар дарыгерлерге өтө кеч кайрылышат», — деди ал.

Медиктердин божомолунда бул мамлекеттик программа үч жыл ичинде 450 миң күтүүсүз бойго бүтүүнү токтотууга жардам берет. Калкынын саны 9 миллион Тажикстан үчүн бул чоң сан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>