Тажикстан Ворухту бириктиргиси келсе, Мургабды Кыргызстанга кайтарып берсин, — мурдагы министр

Тажикстан Ворухту бириктиргиси келсе, Мургабды Кыргызстанга кайтарып берсин, — мурдагы министр

Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргызстанга кайтарып берүүсүн унутпасын. Бул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбек социалдык тармак аркылуу жарыялады.

Ал өз билдирүүсүндө: “Таджик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?” деп кызыккан.

Анын айтымында, Совет доорундагы бардык карталар Кыргызстан үчүн жараксыз.

“Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды — чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну» дайыма айтып келет.

Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз.

Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан.

Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын.

Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон бардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес”, — деген Айдарбеков.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>