Тажикстанда 22 кыргыз жараны барымтагы алынган эмес, — Өкмөт өкүлү

Тажикстанда 22 кыргыз жараны барымтагы алынган эмес, — Өкмөт өкүлү

Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, Тажикстандын Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган.

“Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Бүгүн 22-февралда кармалган жарандардын жакындары Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевге кайрылышты”, — деп айтылат маалыматта.

Ыйгарым укутуу өкүл, учурда укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөөрүн билдирген.

Ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди, мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн кошумчалаган.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар күнөөсү аныкталса Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келээрин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгилеген.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстандын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлей районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети.

Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>