Тажикстанда экс-судья 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда

Тажикстанда экс-судья 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда

Душанбенин Фирдавси райондук соту 12 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жорук жасаган деп айыпталып жаткан мурдагы судьянын ишин карай баштады.

Сотко жабырлануучу катары катышып жаткан кыздын атасынын айтымында, 13 жылдан бери коңшулаш жашап келген экс-судья быйыл июнь айында кызын коркутуп, сексуалдык мүнөздөгү адепсиз иши аркылуу өзүнүн жыныстык муктаждыгын канааттандырган:

–Кылмыш иши алгач «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети» беренеси менен козголгон. Бирок кийинчерээк жазасы кыйла жеңилирээк «Адепсиз иштерге баруу» беренесине өзгөртүлдү. Эмнеге мындай болуп калганын сурасак, зордуктоо болбогонун, соттолуучу өзүнүн жыныстык муктаждыгын гана канааттандырганын айтышты.

Медициналык текшерүү кыздын зордукталбаганын ырастаган.

Ал 30 жылдан ашык сот органдарында иштеп, беш жыл мурда пенсияга чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>