Тажикстанда кармалган 12 жаран кайтарылды

Тажикстанда кармалган 12 жаран кайтарылды

Тажикстанга мыйзамсыз жол менен өтүп кармалган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, коңшу өлкөдө кармалган Баткен облусунун  беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды.

Ошондой эле  26-февралда  Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылган.

Алар Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан бошотулган.

“Учурда облустун чек аралаш аймактарында, чек арадан өтүү эрежелери боюнча, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өткөн 15 тажик жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берери кабарланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>