Тажикстанда лөлүлөрдүн балдары үчүн мектепке баруу шарттары түзүлүүдө

Тажикстанда лөлүлөрдүн балдары үчүн мектепке баруу шарттары түзүлүүдө

Тажикстандын балдар акыйкатчысы жакынкы жылдары өлкөдөгү лөлүлөрдүн бардык балдары мектепке баргыдай шарт түзүлүшү керектигин билдирди.

Буга чейин өлкөнүн айрым аймактарында лөлү балдарын окутуу үчүн атайын класстар ачылган. Анда чыгыш цыгандарынын түрдүү курактагы балдары 1-класстан 4-класска чейин билим алышат.

Айрым эл аралык уюмдар тажик бийлигинен лөлү балдарынын билим алуусуна тиешелүү шарттарды түзүүнү талап кылып келишет. Өз кезегинде тажик өкмөтү улуттук ачылык өкүлү катары цыган балдарынын билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, бирок алар өзүлөрү окууну каалабай тургандыктарын билдирүүдө. Мындан тышкар лөлүлөр балалуу болгондон кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алышпайт, ошондуктан аларды каттоого алып, мектепке барууга мажбурлоо чоң көйгөй жаратып келет.

Буга чейин айрым лөлүлөр балдарын мектепке жибербегенинин себебин аларды курдаштары кемсинтип жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Өлкөнүн балдар акыйкатчысы Ражабмох Хабибулло июль айында мектептерди кыдырып чыгып, аларда лөлү балдардын окуусу үчүн «бардык шарттар түзүлгөнүн» билдирген. Анын айтымында, быйыл жылдын экинчи жарымында өлкөнүн Дусти, Балхи жана Лахш райондорунда улуттук азчылыкты түзгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке тартуу боюнча атайын программа иштей баштайт.

Расмий маалыматтар боюнча учурда өлкөнүн бардык мектептеринде лөлү үй-бүлөлөрүнөн чыккан 1 миң 329 бала билим алууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>